Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Жалал-Абад

Кара-Сууда өрттөнгөн мектептин жаңы имараты ачылып, марафондон 164 миң сом жана 25 баш мал чогулду (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Кара-Суу айылындагы Алике Айымбетов атындагы мектептин жаңы имараты салтанаттуу ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы. Жаңы имарат билим берүү үчүн бир жыл мурун пайдаланууга берилген болчу. 

Кечээ, 27-октябрдагы иш-чаранын жүрүшүндө марафон уюштурулуп, катышуучулар 164 миң 100 сом акча каражатын жана 25 баш майда жандык беришти. Марафондон чогулган каражат мектептин администрациясына берилген.

Жаңы имараттын ачылыш аземине аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондун жетекчилиги, мектепке ысымы берилген Алике Айымбетовдун жакындары, неберелери жана айыл тургундары күбө болушту.

2012-жылы кыш мезгилинде аталган мектептин мурунку имараты өрттөнүп кеткен эле. Ал эми, мектептин жаңы имараты 2013-жылдан тарта курулуп баштаган. Ага Түркия грантынан жана башка каражат булактарынан 29 млн сом бөлүнгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1745
Көп окулду
×