Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Чаткалда сел алып кеткен көпүрөнү куруу үчүн райондук фонддон 17 млн сом бөлүндү

Turmush -  Чаткал районунда сел алып кеткен көпүрөнү куруу үчүн райондук фонддон 17 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев билдирди.

Анын айтымында, көпүрө кайрадан курулат.

«Айгыр-Жал айылынын тургундары каттаган көпүрө кайрадан курулат. Ага райондук фонддон 17 млн сом акча каражаты бөлүндү. Мурдагы көпүрө жараксыз абалга келгендиктен ал кайрадан суу ташкынына ылайыкташып курулат», - деди аким.

Маалым болгондой, 2017-жылы Айгыр-Жал айылын район борбору менен бириктирген көпүрөнү сел алып кеткен. Кийин тургундар көпүрөнү куруп берген кен казуучу компанияны сотко берген, иш учурда тергөөдө турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 869
Көп окулду
×