Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.05.2018 13:50

Чаткалда Улуу Жеңишке арналган эстелик-мемориал 10 миң сомго оңдолду

Turmush -  Чаткал районунун борборунда Улуу Жеңишке арналып тургузулган эстелик-мемориал Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан оңдолуп-түзөлүүдө.

Айыл аймактын башчысы Нургазы Жолдошевдин айтымында, оңдоп-түзөө иштерине Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан 10 миң сом каралган.

«Эстеликти оңдоп-түзөөдөн тышкары анын айланасына карагайдын көчөттөрүн да тиктик. Буга кошо эле, эстеликтин айланасы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан тазаланып, иретке келтирилди», - деди Н.Жолдошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×