Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 19.05.2018 16:15 На русском

Чаткалда чабандарды коркутуп кой алып алган кызматкерлердин иши текшерилүүдө

Turmush -  Чаткал районунда жергиликтүү тургундун атын тартып алып, кийин 1 коюн алып кеткен кызматкерлер боюнча териштирүү башталды.

Жергиликтүү тургун Умар Кудайбердиевдин айтымында, анын атын тартып алып кийин бир коюн коркутуу менен алып кеткен жайыт комитетинин кызматкери жана ветеринары боюнча прокуратура териштире баштады.

«5-майда 500 койду 4 адам жайытка айдап бара жатышкан. Жайыттын документтери менде калган болчу. Жайытка жеткенде 3 мас адам балдарды коркутуп, атын тартып алышыптыр. Кийин 1 койду коркутуу жолу менен эле алып атты таштап кетишиптир. Алар жайыт комитетинин эсепчиси жана ветеринары экен. Учурда алардын үстүнөн прокуратурага кайрылдык. Жайыт үчүн бардык документтерибиз бар болчу», - деди ал.

Чаткал районунун прокурору Насирдин Бообеков бул маселе боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Жайыт комитетинин кызматкерлери 1 койду алып кетиши боюнча териштирүү иштери башталды. Териштирүү иштеринин жыйынтыгына жараша кошумча маалымат берилет», - деди прокурор.
Чаткал районунда жайыт үчүн ар бир койго айына 6 сомдон акы төлөнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×