Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 22.05.2018 15:15

Чаткалда 17,6 млн сомго эки айылды бириктирген көпүрөнүн курулушу башталды

Turmush -  Чаткал районунда Жаңы-Базар жана Чандалаш айылдарын бириктирген көпүрөнүн курулушу кайрадан башталды. Бул тууралуу Чаткал айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин көпүрөнүн курулушу белгисиз себептер менен токтоп турган. Аталган көпүрөнүн курулушуна каражат толук бөлүнүп берилип, тез арада бүтүрүү талабы коюлду.

Чандалаш айылын район борбору менен бириктирүүчү көпүрө 8 жыл мурда башталып, бирок курулушу токтоп калган. Көпүрөнүн курулушуна 17 млн 600 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Көпүрө курулуп бүтсө 200дөн ашуун адамга үй куруу үчүн жер тилке берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×