Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 08.06.2018 14:27

Чаткалда чабандардын коюн алып кеткен кызматкерлердин ишин милиция иликтейт

Turmush -  Чаткал районунда чабандарды коркутуу жолу менен кой алып кеткен кызматкерлердин ишин милиция териштирип баштады. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, прокуратура ишти милицияга өткөрүп берди. Ал эми коюн тарттырып жиберген Умар Кудайбердиевдин айтымында, учурда милиция сурак жүргүзүп жатат.

«Райондук прокуратура опузалоо менен койду алып кеткен жайыт комитетинин кызматкерлеринин ишин милицияга өткөрүп берди. Ишти милиция териштире баштады. Кандай чечиле турганы азырынча белгисиз», - деди ал.

Буга чейин Чаткал районунун тургундары 5-майда жайлоого 500дөй кой айдап бара жатканда аларды жайыт комитетинин кызматкерлери коркутуп, 1 койду тартып алып кеткени кабарланган. Кийин жабырлануучулар райондук прокуратурага арыз менен кайрылып, иш териштириле баштаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×