Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 09.06.2018 12:24

Чаткалда Vertex Gold Company компаниясынын дагы бир жумушчусун таш басып калды

Turmush -  Кечээ, 8-июнь күнү саат 16:30 чамасында Талас облустук ооруканасынын кабылдама бөлүмүнө кен казуучу компаниянын жумушчусу оор жаракат менен жеткирилди. Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, жабырлануучу иштеп жаткан учурда үстүнө таш түшүп кеткен. Жумуш учурунда жабыркаган бейтап ооруканага жеткирилгенин Талас облустук оорукананын кабылдама бөлүмүнөн тастыкташты.

Азыркы маалыматтар боюнча, жабырлануучу — 1984-жылы туулган М.Ж. (эркек киши) «Вертекс Голд» кен казуучу компаниясы кен казууга уруксат алган аймакта иштеп жаткан. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы оор бойдон. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, дарыгерлер тарабынан тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат.


-------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин да Чаткал районунда кен казуу иштери менен алектенген Vertex Gold Company компаниясынын жумушчусу иш учурунда каза болгон. Алгач 2 жумушчу каза болгону тууралуу маалыматтар тарап, кийин компания экинчи жумушчунун өлүмү тууралуу маалыматты четке каккан эле.

Ишкананын Чаткал районундагы өкүлү Элбурс Сакеновдун айтымында, 2 адам каза болду деген маалымат жергиликтүү тургундар арасында тарап кеткен.

«Кен казган жерде 4 адам болгон. Алардын экөө кооптуу аймактан чыгып кеткендиктен жабыркаган эмес. Ал эми 2 жаран сыртка чыгып жатканда таш кулап, бирин басып калган. Шериги ага жардам бере алган эмес. Ошол себептен 2 адам каза болду деген маалымат жергиликтүү тургундар арасында тарап кеткен», - деген компаниянын өкүлү.

Аталган компаниядан билдиришкендей, 2018-жылдын 9-апрелинде кен казган жерде болгон кырсыктан А.Бекимбетов аттуу кызматкер каза болгон.

«Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жана каза болгон А.Бекимбетовдун жакындарынан турган комиссия түзүлүп, аталган кырсыктын себептери аныкталат. Каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү», - деп билдиришкен компаниядан.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Вертекс Голд» компаниясы кен казуу жана иштетүү менен алектенип, Чаткалдагы Жамгыр аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Андагы геологиялык запас 411 миң тонна кен жана 4,8 тонна алтынды түзөт.

«Vertex Gold Company» ЖЧКсы 2013-жылдын 12-июнунда кайра каттоодон өткөн. Анда түзүүчүсү менен жетекчиси алмашып, түзүүчүсү катары Ф.Курканин, «Vertex Holding» ЖЧКсы, ал эми жетекчиси болуп Ермошкин Денис Николаевич көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×