Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 21.06.2018 09:52

Чаткалда кечээ сел каптап кеткен унаа жолдор тазаланып жатат

Turmush -  Кечээ, 20-июнда Чаткал районунда катуу жааган жаандын кесепетинен Жунус айылындагы жылгадан сел жүрүп, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу унаа жолдун 4 метр жерин жууп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сел кечки саат 20:00 чамасында келген. Суу Жунус айылындагы 1 үйдүн сарайын да каптаган. Мындан сырткары Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жолдун 8-10 метр аралыгын каптап, 1 көпүрөнүн капталын сел агызып, жол каттамы жабылган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюга айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жол бир тараптуу ачылган. Ал эми Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жол №17 жол тейлөө ишканасы тарабынан бүгүн 21-июнь күнү калыбына келтирилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×