Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 21.06.2018 13:16

Мекендештер: Чаткалдык Ж.Стамбеков Канададагы курулуш компанияда бригадир болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Чаткал районунда чоңойгон 29 жаштагы Жоодар Стамбеков учурда Канадада курулуш компаниясында бригадир болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, негизги жумуштары Сиэтл, Ванкувер шаарларында аткарылат.

«Мектепти аяктап Бишкектеги Кыргыз технологиялык университетинен геолог адистигине ээ болуп чыккам. Бул жакка келгениме 3 жылдан ашты. 2,5 жылдан бери Канада шаарында «Decoland Tile and Stone» компаниясында бригадир болуп иштеп жатам. Биздин компания Канадада жана Америкада иштейт. Кыргызстанда жүргөндө Чаткалда кен казган ишканада тоо мастери болуп иштечүмүн. Шаарга келгенден кийин чет жактарга барып иштеп келгич келчү. 3-курста окуп жатканда Америкага кетүүгө акчам жетпей калып, бара албай калгам. Анан 2015-жылы бул жака келип калдым.

Биринчи келгенде адашып кетип жамгырда калып калганым эсимде (күлүп). Жаңы келгенде тамактарына көнө албай жүрдүм. Мөмө-жемиштеринин да даамы жоктой сезиле берет. Барчу жерибизди түшүндүрө албай, тил жагынан да кыйналганбыз.

Бул жакта айлык айына берилбейт. Саатына төлөйт же күнүнө, болбосо жумасына 1 төлөйт. Менин айлык акым биз жасаган долбоордон түшкөн акчанын 15% болот», - деди ал.

Мекендешибиз үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×