Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.07.2018 10:10 Жаңыланды: 04.07.2018 13:12 На русском

Чаткалдагы 2 бир туугандын сырдуу жоголушу: Биринин сөөгү дарыядан табылды

Turmush -  22-июнь күнү унаасы менен үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон Чаткал районунун Айгыр-Жол айылынын 25 жаштагы тургуну Э.Т. азыркыга чейин табыла элек. Бул тууралуу 4-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Э.Т. өзүнүн 21 жаштагы айылдашы М.Т. менен 22-июнда «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын айдап үйдөн чыгып кетишкен. 25-июнь күнү Ак-Таш айылында Чаткал дарыясынын жээгинен алардын документтери жана өздүк буюмдары табылган. 1-июлда суудан 21 жаштагы М.Т.нын жансыз денеси табылып, сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.

Издөө иштерине 3-июль күнү ӨКМден 22 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер жана айылдан 1 адам тартылды. Бирок издөө иштеринен жыйынтык чыккан жок.

Чаткал дарыясына аккан 2 жигит бир туугандар болгондугун ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Кыял Рыскулов тастыктады.

Анын маалыматына караганда, 22-июнда түнү Ала-Бука районун көздөй унаа менен бет алган бир туугандар чукул бурулуштан дарыяга кулаган. Алгач туугандары аларды өз алдынча издеп, андан соң ӨКМге кайрылышкан.

«25-июнь күнү дарыянын жээгинен М.Т.га таандык өздүк документтер табылган. 4-июлдан 7-июлга чейин издөө ишин токтотуп туруу боюнча уруксат алдык. 7-июлда кайрадан издөө иши башталат», - деди ал.

Маалыматка караганда, сууга чөккөн бир туугандардын улуусу — М.Т.нын сөөгү табылган. 1997-жылы туулган Т.Э., изделүүдө. Бир туугандардын улуусуна тийиштүү документтерди балык улап жүргөндөр таап алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×