Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 17.07.2018 13:41 На русском

Бир туугандардын өлүмү: Чаткалда сууга кулаган унаадагы экинчи жигиттин денеси Өзбекстандан табылды

Turmush -  Чаткалда унаа менен кошо сууга кулап, дайынсыз болуп жаткан айдоочунун денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Чаткалдын Айгыр-Жал айылынын башчысы Капарбек Смаилов бүгүн, 17-июлда аймактык кабарчыга билдирди. Буга чейин айдоочунун жанындагы инисинин денеси табылган болчу.

«Айылдан унаасы менен кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы Т.Э. аттуу жашоочунун сөөгү Өзбекстандан табылды. Анын жакындары кошуна өлкөгө жөнөп кетишти», - деди ал.

Ал эми ага-ини жол кырсыкка кабылып, сууга кулаган «ДЭУ Матиз» унаасы табыла элек.

2018-жылдын 22-июнунда Чаткалдын Айгыр-Жал айылынын тургуну Т.Э., анын бир тууган иниси М.Т. үйүнөн унаасын айдап чыгып кетишкен. Алар ошол бойдон дайынсыз жоголуп, 25-июнь күнү Ак-Таш айылындагы Чаткал дарыясынын жээгинен алардын документтери жана буюмдары табылган болчу. 1-июлда суудан кичүүсүнүн жансыз денеси табылып, туугандарына берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×