Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.07.2018 16:58

Чаткалдагы 2 бир туугандын сырдуу өлүмү: Биринин сөөгү Өзбекстанда жерге берилди

Turmush -  Чаткал районунда дайынсыз жоголуп, Өзбекстандан сөөгү табылган 23 жаштагы жарандын сөөгү кошуна өлкөдө жерге жашырылды. Бул тууралуу Айгыр-Жал айылыны башчысы Капарбек Смаилов 18-июлда билдирди.

Анын айтымында, сөөктү өз мекенине алып келүүгө мүмкүн болгон эмес.

«Дайынсыз болуп 24 күндөн кийин Өзбекстандан сөөгү табылган Т.Э.нин сөөгү Өзбекстанда жерге берилди. Аны Кыргызстанга алып келүүгө мүмкүн болгон жок. Күндүн ысыгынан улам ошол жакта жерге жашарышты», - деди ал.

Буга чейин дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы жарандын сөөгү Өзбекстандан суудан табылганы маалымдалган.

2018-жылдын 22-июнунда Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургуну Т.Э., жана бир тууган иниси М.Т. үйүнөн «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып кетишкен. Алар ошол бойдон дайынсыз жоголуп, 25-июнь күнү Ак-Таш айылындагы Чаткал дарыясынын жээгинен алардын документтери жана буюмдары табылган болчу. 1-июлда суудан кичүүсүнүн жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилген. Ал эми унаа азыркыга чейин табыла элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×