Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 26.07.2018 11:50

Чаткалда ЖРТдан эң жогорку упай алган Н.Жаманкуловго 60 миң сом сыйлык берилди

Turmush -  Чаткал районундагы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп упай алган окуучуга 60 миң сом акчалай сыйлык берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн А.Чымканаев орто мектебинин бүтүрүүчүсү Нурадыл Жаманкулов ЖРТдан 203 упай алган. Ага айыл өкмөт тарабынан 60 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Мындан сырткары дагы 7 окуучу жогорку упайларды алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×