Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 08.08.2018 09:43

Чаткал районунда биринчи жолу алтынды иргеп алуучу фабрика курулат

Turmush -  Чаткал районунда биринчи жолу алтынды иргеп алуучу фабрика курулмакчы. Бул кадамды ишке ашыруу үчүн учурда атайын долбоор иштелип жатат. Мындай маалымат Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өкмөт ЖМК өкүлдөрү үчүн уюштурган пресс-турда маалым болду.

Район акими Канжар Эшалиевдин айтымында, алтынды бөлүп алуучу фабриканы курууну «Этибакыр» ЖЧКсы колго алууда. Эгерде фабрика ишке кирсе 700 жумушчу орун түзүлөт.

«Концентрат сыртка кетпей, өзүбүздө Терек-Сайда эле фабрикадан бөлүнүп алынат. Сыртка чыгып жаткан концентратты өзүбүздө өндүрүүнү колго алуу биздин өкмөтүбүздүн максаты. Биз бул фабриканын курулушуна болгон көмөгүбүздү көрсөтөбүз. Алтын өндүрүү колго алынып калса салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр көбөйөт. Жумуш орундар түзүлөт. Учурда аталган түрк фирмасы долбоор жасатып жатат.

Ал эми фабрика үчүн жер бөлүп берүүнү жергиликтүү кеңештин депутаттары да жакынкы күндөрү карап беришет. 2019-жылдан баштап жумуш баштоо аракети көрүлүп жатат», - деди акими.

Маалым болгондой, аталган мекеме алтын өндүрүүчү фабрика куруу үчүн 100 миллион доллар болжошуп, долбоорун жасатуу үчүн 8 миллион сом бөлүп, долбоордун үстүндө иштер жүрүп жатат. Мындагы мекеме 2015-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, «Кыргызалтын» менен биргеликте иштеп келет. Учурда иш алып барып жаткан жайы 20 миллион доллар бааланып берилген.

Тактап айтканда, «Кыргызалтын» мекемесинин эски фабрикасы болгон. Эскилиги жеткен фабриканы азыркы түрк фирмасы модернизациядан толугу менен өткөрүп, 2017-жылдан бери өндүрүш ишин жанданткан.

Ишкана алтынды казып алып, концентрат кылып Түркияга мүшөктөр менен жиберилип, алтын ошол жактан өндүрүлүүдө. Жылына 100 миң тонна алтынды иштеп чыгарат. Эгер пландалган фабрика курулса жылына 1 миллион руда кайра иштетилет. Азыркы тапта аталган компанияда 360 жумушчу эмгектенип жатса, анын тогузун гана чет элдик жарандар түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×