Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 08.08.2018 12:14

Чаткалдын Жаңы-Базар айылындагы маданият үйү 8,9 млн сомго оңдолду (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы Таалай Бектурганов атындагы айылдык маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Чаткал айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, маданият үйү түрткү берүүчү гранттын эсебинен оңдолду.

«Маданият үйү курулгандан бери оңдоп-түзөөдөн өтө элек болчу. Оңдоого жалпы 8 млн 946 миң сом бөлүнгөн. Имарат буга чейин отун, көмүр менен жылытылып келген. Быйыл электр буу казаны менен жылытууга өтөт», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×