Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 09.08.2018 13:51

Чаткалда 3 айылга баруучу жол жараксыз абалга келип, тургундар жол тейлөө ишканасына нааразы (фото)

Turmush -  Чаткал районунда 3 айылга баруучу жол жараксыз абалга келип, жергиликтүү тургундар жол тейлөө ишканасына нааразы болууда.

Башкы-Терек айылынын тургуну Мукан Жоробеков билдиргендей, 3 айылдын тургундары жолду оңдоо талабы менен ишканага бир нече жолу кайрылганы менен жыйынтык чыккан эмес.

«Башкы-Терек, Чакмак-Суу жана Коргон-Сай айылдарына баруучу жолдун абалы өтө начар. Аймакта 5 фирма кен казып иштегендиктен оор жүк ташуучу техникалар күнү-түнү өтөт. Жолдун абалы начар экенин айтып, райондун акимине, жол тейлөө ишканасынын жетекчисине кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпай жатат. 38 чакырым жолдун таштары чыгып, кыйынчылык жаратууда. Тургундардын үнүн азыр эч ким укпай келет. Жок дегенде жылына бир жолу шагыл төгүп, тегиздеп турса жакшы болот эле», - деди ал.

Айыл тургундары өткөн жылы жол тосуп, оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп жатканын айтып чыгышкан. Бирок кен казуучу тараптар жолду оңдоодон баш тартканын айтып келишет.

Райондук жол тейлөө ишканасынын башчысы Муратбек Жоошев жолду 2 жолу гана сүрүүгө каражат бөлүнөрүн билдирди.

«Биз жолду жылына 2 ирет сүрөбүз. Жол бузулган учурда сүрүүгө каражат жетпейт. Тургундар айтып жаткан жол чындыгында бузулуп кеткен. Азыр жолдорду сүрүп баштадык. Көйгөй жаратып жаткан жол бир ирет сүрүлөт», - дейт ал.

Чаткал районундагы жолдордун узундугу 217 чакырымды түзөт. Жолдун 13 гана чакырымына асфальт төшөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×