Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 14.08.2018 15:58

Чаткал айыл өкмөтүнүн имаратына көзөмөл камералары орнотулду (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Чаткал айыл өкмөтүнө видео-байкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Исабеков билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн кызматкерлеринин иштөө тартибин жана коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн 4 даана камера орнотулду.

«Чаткал айыл өкмөтүнүн имараты жайгашкан көчөгө 2 камера, дагы 2 камера айыл өкмөттүн имаратына коюлду», - деди ал.

Буга чейин айыл өкмөттүн имаратына жана сырттагы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө камера орнотуу сунушталган. Камераларды орнотууга 35 миң сом акча каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×