Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 20.09.2018 13:33 На русском

Чаткалда прокуратура кызматкерлерине 2 млн сомго үй курулуп баштады (фото)

Turmush -  Чаткал районунда прокуратура кызматкерлерине үй курула баштады. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, район борборуна 2 батирлүү кызматтык турак жайдын курулушу башталды. 19-сентябрда капсуласы салынган үйдүн курулушун ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Курулушка Башкы прокуратура тарабынан 2 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×