Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 11.10.2018 09:33 Жаңыланды: 11.10.2018 09:52 На русском

Сүрөт — Чаткалда бала бакчанын имараты толугу менен өрттөндү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылында жайгашкан бала бакчада өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-октябрда билдирген маалымат боюнча, «Ак-Шоола» бала бакчасынын имараты толугу менен күйүп кеткен. Өрт болжол менен 540 чарчы метр аянтты каптады.

Учурда өрттүн себеби жана башка маалыматтар такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×