Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 02.11.2018 17:46

Чаткалда жардамга муктаж көп балалуу үй-бүлөгө үй куруп беришти (сүрөт)

Turmush -  Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында 7 балалуу тургун Абакир Сапаралиевге үй куруп беришти.

Чаткал райондук администрациясынан билдиришкендей, бүгүн 2-ноябрь күнү ашар жолу менен курулган үй район акими Канжар Эшалиев баштаган жетекчилердин катышуусунда салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Мындан сырткары марафон уюштурулуп, 50 миң сом жана 5 майда жандык чогулду. Аз камсыз үй-бүлөгө үй курууну Айгыр-Жал айылынын башчысы Капарбек Исмаилов демилгелеп, ал ашар жолу менен курулган.

Буга чейин аталган тургунга үй куруп жатышканы маалымдалган. Айгыр-Жал айылынын башчысы Капарбек Смаилов: «Көп балалуу үй-бүлөгө айыл тургундарынын жана айыл өкмөттүн колдоосу менен үй курулуп жатат. Эл тарабынан каражат жана курулуш материалдары берилди. Айыл өкмөт тарабынан да каражат бөлүндү. Үйдү куруп жаткан усталардын акысы тургундар тарабынан төлөнөт. Кыш келгенге чейин турак жайдын курулушу бүтүп, пайдаланууга берилет», - деген болчу.

Бул үй-бүлөнүн учурда 7 баласы бар. Ата-энеси жумушсуз, алар жашаган үй эскирип, жашоого кыйынчылык жаратып келген. Айгыр-Жал айылынын тургундары буга чейин жардамга муктаж башка үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү үй куруп беришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×