Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 24.11.2018 13:07

Чаткалдын Ак-Таш айылындагы окуучулар жаңы мектепте окуй баштады

Turmush -  Чаткал районун Ак-Таш айылындагы окуучулар жаңы мектепте окуй баштады. Бул тууралуу Чаткал айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдагы Усупбек уулу Кубатбек орто мектебинин окуучулары жаңыдан салынган имаратка көчүрүлдү. Мектепте жалпы 123 окуучу бар. Жаңы имарат 150 орунга ылайыкташып курулган.

Буга чейин окуучулар эски союз учурунда кампа болуп курулган имаратта окуп келишкен. Имараттын чатырынан суу өтөрү айтылып келген.

Чаткалдын Ак-Таш айылында 200дөн ашуун түтүн эл жашайт. Айылда жалгыз мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×