Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.12.2018 09:44 На русском

14 адам кармалган Терек-Сайда абал тынч. Аким жолугушууга жөнөп кетти, - акимиат

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айылында абал тынч. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан 4-декабрда маалымдашты.

Маалыматка караганда, азыр абал тынч. Эл менен жолугушууга аким Канжар Эшалиев жөнөп кетти.

Терек-Сай айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, 3-декабрда 14 жарандын кармалышына каршы болуп митингге чыккан тургундар боз үй тигүү үчүн уруксат сурашкан эмес жана боз үй тигилген жок.

«Бүгүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү жана райондун акими жергиликтүү тургундар менен жолугуша турганы күтүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Чаткал районундагы Терек-Сай айылында 100дөн ашык адам митингге чыкканын Жогорку Кеңештин комитетинин 3-декабрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев билдирген болчу.

Митингге чыккан жергиликтүү тургундардын ырастоолорунда, буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылыч Жолдошов, бийлик өкүлдөрү жашоочулар менен жолугушканда жергиликтүү тургундар менен милиция өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестик элдешүү жолу менен бүтөөрүн айтышкан.

«Элге берген убадаларына турушкан жок. Бир ай мурда болгон окуяны кайрадан козгошуп, биздин балдарды камап коюшту. Кармалгандар чыгарылсын. Жылкысына бараткан баланы киргизбей, уруп коюшкандыктан жергиликтүү эл "эртең мал-жандыгыбыз талаага өтүп кетсе, биз дагы өтө албай калабыз" деген ойдо атайын постко чогулуп барышкан», - дешкен тургундар.

Окуя тууралуу:

Терек-Сай айылында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ур-токмокко алган деген 14 адамды милиция кармап кеткени белгилүү болгон. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 2-декабрда милициянын кызматкерлери 3 автоунаа менен келишип, 14 жаранды кармап кетишкен.

Буга чейин маалымдалгандай, Терек-Сай айылында сурьма чыгарылган аймакта 5-ноябрда чыр чыккан. Жаңжалдын кесепетинен тез чара көрүү отрядынын кызматкерлери жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул аймакта сурьманы өз алдынча казууга тыюу салуу максатында пост уюштурулган болчу. Жергиликтүү тургундун ую ал тарапка өтүп кеткенде, постто турган күзөтчүлөрдөн уйду айдап чыгуу үчүн уруксат сураган. Бирок күзөтчүлөр ал адамды өткөрбөй койгондо эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Айыл тургуну бир аз убакыттан кийин жергиликтүү жаштарды кен чыккан аймакка ээрчитип барган, чыр-чатактын кесепетинен ыкчам чара көрүү отрядынын аскерлери жабыркаган. Отряддын аскерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар ооруканадан чыгарылган. Бул окуя боюнча ээнбаштык жана бийлик өкүлүнө кол салуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×