Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.12.2018 21:12 На русском

Терек-Сайдагы окуя боюнча 15 адам тергөө абагына камалды

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы окуя боюнча 15 адам камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 6 адам 2 айга, 9 адам 1 айга тергөө абагына камакка алынды.

Учурда Чаткал районунда абал туруктуу жана жергиликтүү органдар менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 5-ноябрда ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Терек-Сай айылында «Эти Бакыр Терек-Сай» алтын кен иштетүүчү аймагында кызматын өтөө учурунда айылдын 15 тургуну күч колдонушкан. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери ар кандай жаракаттарды алышкан.

6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иш козгогон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 адамдын өздүгү такталган. 2-декабрда аталган адамдар Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына алынып келген.

Жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелгендер боюнча жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында алар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×