Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 05.12.2018 21:48

Чаткалда 12 аялды иш менен камсыз кылган тигүү цехи ачылды (фото)

Turmush -  Чаткалда жаңы тигүү цехи пайдаланууга берилди. Райондук администрациядан билдиришкендей, цехке заманбап үлгүдөгү тигүүчү жабдыктар алынып келип, 12 адам иш менен камсыз болду.

Цехтин ачылышына райондун акими Канжар Эшалиев баштаган жетекчилер катышып, алар аталган ишкана райондо түгүү тармагын өнүктүрүү максатында ачылганын белгилешти.

Учурда тигүү цехин чоңойтуу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×