Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 06.12.2018 12:09 На русском

Терек-Сайда достукту бекемдөө максатында спорттук мелдеш өттү (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 6-декабрда Чаткал районунун Терек-Сай айылынын спорт залында «Ынтымак, достук, биримдик» деген аталышта волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын демилгеси менен уюшулду.

Мелдештин башталышында Чаткал районунун акими К.Эшалиев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов элди биримдикке, ынтымакка чакырып, иш-чара спорт аркылуу достукту бекемдөө максатында уюштурулганын белгилешти.

«Эгерде милицияга жумушка орношууга ниети бар жаштар болсо, биз аларга жардам беребиз, бош орундар бар», - деди өз сөзүндө К.Жолдошов.

Мелдештин байге фонду 20000 сомду түзүп, 5 команда катышты. Жыйынтыгында, 1-орунду ИИМдин Атайын багыттагы полку, 2-орунду «Терек-Сай 1», 3-орунду «Терек-Сай 2», 4-орунду «Кызыл-Токой» командалары ээлешти.

Жеңүүчүлөргө ОИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошов, Ош шаары жана Ош облусу боюнча волейбол федерациясынын төрагасы сыйлыктарды тапшырышты.

Учурда Терек-Сай аймагында коомдук саясий абал тынч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×