Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 14.12.2018 18:00 На русском

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан каза болгон 3 адамдын өздүгү такталды (тизме)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунун 307-чакырымында 13-декабрда орун алган кырсыктан улам каза болгон 3 жаран тең Чаткал районунун тургундары болгон.

Маалым болгондой, Токтогул районуна караштуу Камбар-Ата ГЭСине жетпей 23 жаштагы айдоочу А.К. башкарып бара жаткан «Мицубиси-Спейс-Гир» үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу «Мерседес-814» унаасынын алдына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен үч адам көз жумган.

Каза болгондор:

- 1996-жылы туулган К. у. Б., Чаткал районунун, Айгыр-Жал айылынын тургуну;

- 1980-жылы туулган Б.С., Чаткал районунун, Айгыр-Жал айылынын тургуну;

- 1995-жылы туулган А.К., Чаткал районунун Курулуш айылынын тургуну.

Жабыркагандар:

- 2002-жылы туулган Р. у.С., Курулуш айылынын тургуну;

- 1966-жылы туулган Б.А., Курулуш айылынын тургуну;

- 1992-жылы туулган Н.у.Б., Айгыр-Жал айылынын тургуну.

Баары Токтогул районунун Үч-Терек айылдык ооруканасына жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×