Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 17.12.2018 18:48

15 адам камалган Терек-Сайдагы чыр: Үй камагына бошотууга сотко кепилдик беребиз, - министр (видео)

Turmush -  Бүгүн, 17-декабрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык», «Бийлик өкүлүнө кол көтөрүү» беренелери менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген терек-сайлыктардын туугандары менен жолугушту. Муну министр өзү да жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын туугандары, айыл өкмөт башчысы жана район акими К.Эшалиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда камактагы 14 адамдын туугандары баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү өтүнүчтөрүн келтиришкен.

«Үч күндүк сапар менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына келгем. Кийинки жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер менен иштеп баштайбыз. Ошолордун даярдыгын текшерүү башкы максат болду. Терек-сайлыктар менен да жолуктум. Баарынын сурагандары бир болду. Алар: "Биздин балдар кемчилик кетиришти, мыйзам бузушту. Өздөрү да түшүнүп жатышат. Муну эске алуу менен үй камагына чыгарып, эч жакка кетпөө талабы менен баш коргоо чарасын өзгөртүп бергиле. Биз кепилдик болуп беребиз" дешти. Өздөрү кепилдик берип жатышат.

Фабрикалардын иштөө зарылдыгы бар экенин да өздөрү айтышты. Эми бул маселени мыйзам чегинде сот чечет. Биз алардын чечимине кийгилише албайбыз, бирок балдардын кылган кылмышына жараша шартын өзгөртүп, үйгө кармоого биз да өзүбүздүн кепилдигибизди берип жатабыз», - деди министр.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 5-ноябрда ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Терек-Сай айылында «Эти Бакыр Терек-Сай» алтын кен иштетүүчү аймагында кызматын өтөө учурунда айылдын 15 тургуну күч колдонушкан. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери ар кандай жаракаттарды алышкан.

6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иш козгогон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 адамдын өздүгү такталган. 2-декабрда аталган адамдар Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына алынып келген.

2018-жылдын 4-декабрында сот тарабынан 6 жаран 2 айга, 9 жаран 1 айга камакка алуу чечими чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×