Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.12.2018 11:08 На русском

Терек-Сайда кармалган 13 тургун үй камагына чыгарылып, үчөө камакта калды

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 13 тургуну үй камагына чыгарылса, үчөө 6-январга чейин камакта калтырылды. Бул маалыматты Чаткал районунун акими тастыктады.

Маалым болгондой, 17-декабрда Жалал-Абад облустук сотунда убактылуу кармоочу жайга киргизилген терек-сайлыктардын иши каралып, 13 тургун үй камагына чыгарылып, үчөө 6-январга чейин камакта калтырылган.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык соту үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басарынын өтүнүчүнүн негизинде токтом кабыл алып, айыпталуучулар 1 ай жана 2 айга камакта калтыруу чечими чыккан. Бул токтомго кармалган жарандардын жакындары нааразы болуп, алардын жактоочулары облустук сотко даттануу келтиришкен болчу. Азырынча облустук сот комментарий бере элек.

17-декабрда камактагы Терек-Сай айылынын тургундарынын жакындары ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугушуп, кармалгандарга өздөрү кепилдик беришкен.

Маалыматка караганда, аларга козголгон кылмыш ошол бойдон калып, баш коргоо чарасы гана өзгөргөн.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 5-ноябрда ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Терек-Сай айылында «Эти Бакыр Терек-Сай» алтын кен иштетүүчү аймагында кызматын өтөө учурунда айылдын 15 тургуну күч колдонушкан. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери ар кандай жаракаттарды алышкан.

6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иш козгогон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 адамдын өздүгү такталган. 2-декабрда аталган адамдар Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына алынып келген.

2018-жылдын 4-декабрында сот тарабынан 6 жаран 2 айга, 9 жаран 1 айга камакка алуу чечими чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×