Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.12.2018 21:30

Чаткалдын Сумсар айылында 5,5 млн сомго заманбап бала бакча курулду (фото)

Turmush -  Чаткал районунун алыскы Сумсар айылында заманбап бала бакча курулду. Аким К.Эшалиевдин айтымында, буга чейин аталган айылда бала бакча жетишсиз болуп келген.

«Жергиликтүү тургундар айылга бала бакча курууну суранып келишкен. Районду өнүктүрүү фонду тарабынан 5,5 млн сом акча каражат бөлүнүп, 50 орундуу имарат курулду», - деди ал.

Сумсар айылында буга чейин 1 бала бакча иштеп келген. Анда 50дөн ашык бала тарбияланчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×