Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 13.01.2019 22:57

«Мекендештер»: Балалык кыялын орундаткан 25 жаштагы Элеоноранын Дубайдагы жашоосу (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы— 25 жаштагы Элеонора Жанышова. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында төрөлгөн. Учурда Дубай шаарында иштеп жаткан мекендешибиз менен кабарчыбыз таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепте англис тилин жакшы окуган жана Америкадагы дүйнөгө аты чыккан университеттерде окууну, дүйнө кыдырууну кыялданчу.

«Мен чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Алар «жаш кезиңде жакшы ниет кыл, жаштын тилегин берет» деп көп айтышчу. 2011-жылы мектепти аяктап, Москвада иштеген ата-энемдин жанына барып, Москвадагы Гуманитардык Академия университетинин чет тилдери факультетинде окуп, котормочу кесибине ээ болдум. Ал жакта акы төлөп окугандыктан ишемби жана жекшемби күндөрү иштечүмүн. Айрым учурда кайсы бир фирмага таандык болгон жарнама кагаздарын таратып, иштеп акча топточумун. Кийинчерээк ата-энем Кыргызстанга кетишти, мен иштөө үчүн бир тууган эжем менен калдым. Бирок Москвада калбастан, ата-энемдин көмөгү менен Дубайга иштегени кеттим», - дейт ал.

Ошондой эле ал Дубайда алгач бир нече кыйынчылыктарга туш болгонун билдирди.

«Англис тилин жакшы билгендиктен тилден такыр кыйналган жокмун. Бирок 2 айдай жумуш таба албай кыйналдым. Жаңы барганда 3 бөлмөлүү батирде 15 кыз жашачу элек. Дубайда жашоо кымбат, мен жумушсуз болгондуктан кайра Кыргызстанга кетем деп ойлогом.

Бирок бир аздан кийин ресторанга жумушка орношуп, иштеп калдым. Жумушумдун арты менен дүйнөгө саякаттап, кыялдарым орундалып, Италия, Кипр, Грузия, Шри Ланка, Иран, Ливан, Египет, Түркия жана Тайланд сыяктуу өлкөлөрдө болдум. Ар бир элдин маданияты менен таанышып, көптөгөн досторду таптым. Бул өлкөлөрдүн экономикасы, маданияты, элинин жашоо-шарты Кыргызстандан бир кыйла алдыда болгону менен биздин элдин меймандостугуна баары бир жетпейт экен, - дейт Элеонора.

Ал автомектепте окуп, айдоочулук күбөлүк алууну пландап жатканын айтат.

«Дубайда айдоочулук күбөлүгүң бар болсо көп жумуштарга орношууга мүмкүнчүлүк бар. Эми автомектептен окуп бүткөн соң чоң компанияларга сатуучу болуп ишке орношууну пландап жатам.

Бул жакта кыз-жигиттер үй-бүлө курууга жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Жигиттер 30 жашка келип үйлөнсө, кыздар 27-28 жашында бүлө курат. Айылда мени «чет жерде жүрүп эмне кыласың, бул жакка келип турмушка чык» деген туугандарыбыз четинен чыгат. Бирок мен өз максатымды орундатып, жалгыз инимди бутуна тургузуп, ата-энеме жардам берип, андан соң турмуш курам», - дейт Э. Жанышова.

Элеонора үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×