Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 16.01.2019 09:58

Чаткалдагы 2 унаа жол аба ырайы турукташканга чейин жабылды

Turmush -  Ала-Бука Жаңы-Базар Киров жана Красная Горка Ак-Таш унаа жолу аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылды. Бул жолдордо каттам кечээ, 15-январда саат 17:00дөн тартып токтотулган, деп маалымдайт ӨКМ.

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, кар катуу жаагандыктан кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгон. Буга байланыштуу адамдардын коопсуздугун сактоо максатында райондук мамлекеттик администрациянын жетекчиси — аким жолду убактылуу жабуу чечимин кабыл алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×