Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 21.01.2019 12:27 Жаңыланды: 21.01.2019 17:38 На русском

Видео — Чилдеде муздак сууга түшкөн чаткалдыктар

Turmush -  Чаткал районунун тургундары кыштын чилдесинде сууга түшүп, саламаттыгын чыңдап жатышат. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнүн башчысы Нургазы Жолдошев билдиргендей, 100гө жакын адам ден соолугун чыңдоо максатында кышкысын сууга түшүүдө.

«Каныш-Кыя айылында ден соолукту чыңдоо максатында адамдар сууга түшүп жатат. Алардын арасында 7 жаштагы балдардан 50 жашка чейинки адамдар бар. Чилдеде 5 же 7 күн сууга түшсө ден соолукка пайдалуу экен. Организмде кан алмашуу жүрүп, ички органдар тазаланат. Мындай убакта организмдеги вирустардын баары өлөт. Мен өзүм дагы сууга түшүп жатам. Адамга жагымдуу болуп, сергек болуп калат экенсиң», - деди ал.

Чаткалда учурда кардын калыңдыгы 40 сантиметрден жогору. Абанын температурасы - 15 градус суук.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×