Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 15.02.2019 00:02

«Мекендештер»: Бишкекте жогорку окуу жайга өтпөй калган Медетбек Кытайда акысыз билим алууда (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 25 жаштагы Медетбек Ашым уулу. Ал Кытайдын Ганьсу провинциясындагы Ланьчжоу шаарында акысыз билим алып жатат. Айына 12 миң сом стипендия алган Медетбек учурда технологиялык университеттин архитектура бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.

Медетбек жалпы республикалык тестирлөөдөн жетиштүү упай топтой албай, Кыргызстандан жогорку билим алган эмес. Кийин агасынын сунушу менен 1 ай кытай тилин үйрөнгөн.

«2012-жылы мектепти аяктаган соң Бишкекке окуу үчүн келдим. Бирок тестирлөөдөн жетиштүү балл топтой алган жокмун. Ошондо байкем кытай тилин үйрөнүүнү сунуштады. Чет тилдерине мектепте окуп жүргөндө эле кызыкчумун. Курсту аяктаган соң байкем "ата-энем менен учурашып, коштошуп, батасын алып кел" деп айылга жөнөттү. Өзүм Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Суусамыр айылынан болом. Кайра Бишкекке келсем агам өзү Кореяга учуп жатыптыр, колума бир билет менен бир-эки кагаз карматты. Ошентип Кытайга 3 айлык эс алууга кеттим», - деди ал.

Эки бир тууган чет өлкөгө бир күндө сапар тартышкан. Агасы Кореяга кетсе, өзү Кытайга учуп кеткен.

«Кытайдагы Үрүмчү шаарынын аэропортуна түшкөн соң башым айланып, жоголуп кете жаздадым. Бирөөдөн бир нерсе сурайын десем баары кытай улутундагы адамдар. Колумдагы билетимди ар кимге көрсөтүп баштадым. Ошондон кийин мага бара турган дарегимди айтып беришти. Татаал жолдон бирөөнүн жардамысыз өткөнгө аракет кылдым. Бул жашоодо бирөөгө таянсаң, ошого көнүп каласың. Ошондуктан көп нерсеге өз күчүм менен жетишкенге аракет кылым», - деди Медетбек Ашым уулу.

Ал окуу жайда 36 мамлекеттин студенттеринин арасында кытай тили боюнча сынакта 3-орунду ээлеген.

«Алгач 3 айлык жайкы эс алуу программасы аркылуу баргам. Бул жерде кытай тилин жана жашоо шартты үйрөтүшөт. Байкем айткандай жакшы натыйжаларга жетишүүгө аракет кылдым. Ал жерде кытай тили боюнча сынактарга катышып, 36 мамлекеттин студенттеринин арасында 3-орунду ээлегенге жетиштим. Ошол күндөрдөн тарта бул тилге кызыгуум артып баштады. Кытайда билим алууга аракет кылдым. Кошумча Иу деген шаарда логистикалык компанияда катардагы жумушчу болуп иштедим. Москва, Украина, Казакстанга товар жөнөтчүбүз. Жатакана, тамак-аш акысыз болчу. Тапкам акчам өзүмө кенен жетчү. Андан соң Кытайдын Ганьсу провинциясындагы Ланьчжоу технологиялык университетинин архитектура бөлүмүндө билим алып баштадым. Окууну аяктап, Кыргызстандын өнүгүшүнө салымымды кошсом деген ниетим бар. Шаарыбызга сапаттуу курулуштарды, турак-жайларды курууга салымымды кошкум келет», - деди ал.

Кытай ашканасына көнүү кыйын болгонун жашырбаган Медетбек: «Мектепте окуп жүргөндө тентек болчумун. Жакшы окугам деп айта албайм. Адам бир нерседен аксаганда гана изденип баштайт экен. Мектепти бүткөн соң кайра көп нерсени үйрөнүп чыгууга туура келди. Бирок мектепте чет тилдерине көп кызыкчумун.

Алгач кытай ашканасындагы тамак-ашка көнө албай жүрдүм. Тоок эти менен күрүч бышырган жерди таап алып, 1 айдай ошол жерден тамактанып жүрдүм. Анан бара-бара көнүп баштадым. "Курт-кумурска жешет" деген сөздөр чын. Бирок аларды пайдалуу деп айтышат. Чаян, курт-кумурскаларды, моллюскаларды, суу жандыктарын тамак-ашка көп колдонушат», - деди Медетбек Ашым уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×