Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 28.01.2019 18:27

Чаткалдын Терек-Сай айылында кен чырынан кийин түлөө өткөрүштү (сүрөт)

Turmush -  Чаткал районунда 27-январда жергиликтүү тургундар түлөө өткөрүштү.

Аким Канжар Эшалиев билдиргендей, түлөө кен чыры чыккан Терек-Сай айылында уюштурулуп, анда тургундар жакшылык тилөө менен бирге эл ичинде ажырым болбосун деген ниетте курмандык чалышты.

«Районго Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев иш сапары менен келишип, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угушту. Иш сапардын алкагында алар Терек-Сай айылында жаңы курулган бала бакчанын иши менен таанышып чыгышты. Адан кийин достукту бекемдөө максатында түлөө өткөрүлдү», - деди аким.

Окуя тууралуу

Буга чейин 2018-жылдын 3-декабрында Терек-Сайда 100дөн ашык адам митингге чыкканы маалымдалган.

Терек-Сай айылында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ур-токмокко алган деп шектелген 14 адамды милиция кармап кеткени белгилүү болгон. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 2-декабрда милициянын кызматкерлери 3 автоунаа менен келишип, 14 жаранды кармап кетишкен.

Буга чейин маалымдалгандай, Терек-Сай айылында сурьма чыгарылган аймакта 5-ноябрда чыр чыккан. Жаңжалдын кесепетинен тез чара көрүү отрядынын кызматкерлери жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул аймакта сурьманы өз алдынча казууга тыюу салуу максатында пост уюштурулган болчу. Жергиликтүү тургундун ую ал тарапка өтүп кеткенде, постто турган күзөтчүлөрдөн уйду айдап чыгуу үчүн уруксат сураган. Бирок күзөтчүлөр ал адамды өткөрбөй койгондо эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Айыл тургуну бир аз убакыттан кийин жергиликтүү жаштарды кен чыккан аймакка ээрчитип барган, чыр-чатактын кесепетинен ыкчам чара көрүү отрядынын аскерлери жабыркаган. Отряддын аскерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар ооруканадан чыгарылган. Бул окуя боюнча ээнбаштык жана бийлик өкүлүнө кол салуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×