Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 01.02.2019 10:16

Чаткалдагы унаа жолдор кар көчкүдөн тазаланды

Turmush -  Чаткал районунда кечээ, 31-январда саат 16:20 чамасында Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 86-100-чакырым аралыгына болжол менен 1500 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жерине ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы, №27 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 2 бульдозер жана 9 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 17:30да унаа жолдогу кар көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылды.

Ушул эле күнү саат 17:35 чамасында Красная-Горка—Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында болжол менен 1500 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган. Жерине 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, саат 18:30да кар көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×