Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 01.02.2019 16:06

Ала-Буканын Ажек айылында 200дөй окуучу чатырда окуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ажек айылында 200дөй окуучу чатырда окуп жатат. Бул маалыматты Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Шербаев тастыктады.

Анын маалыматына караганда, мектептин имараты 2 жыл мурда жарактан чыккан.

«Учурда 3 имарат болсо, анын экөө жараксыз деп табылган. Имарат 1959-жылы курулган экен. Айла жоктон окуучуларды чатырда, маданият үйүндө окутуп жатабыз. Чатырларга мүмкүн болушунча жылуулук берип жатабыз», - деди ал.

Айыл өкмөт башчысы кошумчалагандай, ата-энелер балдарын чатырда окутуудан баш тартышарын айтып, нааразы болууда.

Ажек айылындагы №20 мектепте жалпы 520 окуучу бар. Анын ичинен 200 окуучу чатырларда, 100дөй окуучу эски мектептин бир имаратында, 200дөн ашуун окуучу маданият үйүндө окуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×