Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 19.02.2019 17:59

Жаңы-Базар айылында жөө калган дарыгерлерге жаңы реанимобиль алынды (сүрөт)

Turmush -  Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жаңы тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу Чаткал айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы реанимобиль аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 11-февралда тапшырылды.

Буга чейин мурдагы тез жардам унаасы күйүп кетип, дарыгерлер чакыруу түшкөн жерге жеке унаалар менен, кээде жөө барып жүрүшкөнү маалымдалган.

Буга чейин жергиликтүү активист Темирлан Исмаилов аталган айыл аймактагы Чандалаш, Ак-Таш, Курулуш айыл эли тез жардам унаасына муктаж экенин билдирген болчу.

«Мисалы Жаңы-Базар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан Курулуш айылына чейинки жол 25 чакырым. Чандалашка 10, Ак-Таш айылына да 25 чакырым аралыкты басып өтүү керек. Ушундай аралыгы алыс, кар оор түшүп, аба ырайы катаал шарттагы аймакта тез жардам унаасы жок. Кыш оор болгон мезгилде дарыгер чакыра албай кыйналган калктын үнүн ким угат? Тез жардамчы дарыгерлер кеч жеткенине нааразы болгондор да жок эмес. Абалды түшүнүп, дарыгерлерди өздөрүнүн унаалары менен алып кеткендер да бар. Бирок ар бир үйдө эле унаа боло бербейт», - деди жергиликтүү жашоочу.

Жаңы-Базар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Ниязбек Тайырбековдун айтымында, тез жардам унаасынын жоктугу кызматкерлерди да түйшүккө салууда. Тез жардам кызматында иштеген ак халатчандар жакын жерге жөө каттап жардам көрсөтүшсө, алыскы айылдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген айдоочулардын унаалары менен барышат.

«Бизде унаанын жоктугу боюнча министрликтин (Саламаттыкты сактоо министрлиги) кабары бар. Бул маселе боюнча Президенттик аппаратка да байланышкам. Жогорку тараптан жакынкы күндөрү унаа маселеси чечилет деп жатышат. Биз да жакшы үмүт менен күтүп жатабыз.

2-3 күн мурун эле Ак-Ташка чакыруу менен бардык. 80 жаштан ашкан апанын кан басымы көтөрүлүп, катуу ооруп калган экен. Абалын бир аз турукташтырып, андан кийин Ала-Бука райондук ооруканага жөнөттүк. Тез жардам унаасына бөлүнгөн күйүүчү майды ошол жеке унааларга куюп, жардамга барабыз. Калк да биздин унаабыздын жоктугун туура кабыл алуу менен өздөрү унаасын айдап келишет», - деди башкы дарыгер.

Маалым молгондой, бул мекемеде 4 фельдшер, 4 айдоочу жана 1 дарыгер эмгектенет. Күнүнө орточо эсеп менен 15 жолу чакыруу болот. Чаткал районунда жалпысынан 3 тез жардам унаасы жетишсиз.

Ал эми Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан алынган маалыматка таянсак, учурда 55 тез жардам унаасы кызмат көрсөтүп жатат. Ал эми 45 тез жардам унаасы жетишпейт.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×