Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.03.2019 12:19

Чаткалдагы унаа жолго түшкөн кар көчкүлөр бүгүн да тазаланат

Лавина накрыла легковой автомобиль в Чон-Аалйском районе. 5 февраля 2019 год
Лавина накрыла легковой автомобиль в Чон-Аалйском районе. 5 февраля 2019 год
// МЧС Кыргызстана

Turmush -  Кечээ, 3-мартта саат 17:20 чамасында Ала-Бука–Жаңы-Базар–Киров унаа жолунун 86-87-88-чакырым аралыгында (Рават тилкеси, Чаткал району) көлөмү болжол менен 2000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан сырткары саат 18:20 чамасында аталган унаа жолдун 86-чакырымында көлөмү болжол менен 1000 метр куб, саат 18:40 чамасында ошол эле тилкеге көлөмү болжол менен 3000 метр куб, саат 18:55 чамасында 85-чакырымга көлөмү болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшкөн. Жолго жалпы көлөмү болжол менен 11 000 метр куб кар түштү.

Кырсыктан эч ким жабыр тарткан жок.Кар көчкүнү тазалоого №27 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 6 кызматкер тартылган. Саат 20:40та унаа жол бир тараптуу ачылган. Карды тазалоо иштери бүгүн, 4-март күнү да улантылат.

Кечээ саат 11:00 чамасында Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 2-8-чакырым аралыгында болжол менен 3000 метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылган. Мындан сырткары саат 14:30 чамасында аталган жолдун ошол эле чакырымында көлөмү болжол менен 7000 метр куб кар көчкү түшкөн. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Аталган тилкеге №27 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 3 кызматкер тартылган. Саат 15:00дө унаа жол бир тараптуу ачылган. Тазалоо иштери бүгүн да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×