Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусуЧаткал району 06.03.2019 14:24

Чаткалда кыргыз күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Чаткал районунун борборунда жайгашкан Т.Эрматов атындагы райондук спорт мектебинде 5-мартта улуттук күрөш боюнча райондук мелдеш өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, мелдешке жалпы 130 жаш спортчу катышты. Мелдеш 11 салмактык категория боюнча өтүп, анда мелдешке түшкөн жаш балбандар кызуу оюн көрсөтүштү.

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев баштаган райондогу спорт тармагынын өкүлдөрү ардак грамоталарды жана төш белгилерди тапшырышты.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө ишкерлер тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×