Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.03.2019 10:57

Чаткалдагы унаа жолдордо 1 суткада 3 жолу кар көчкү түштү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абаддагы Чаткал районундагы унаа жолдордо 1 суткада 3 жолу кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

17-мартта саат 16:30 чамасында Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымында (Капчыгай тилкеси) көлөмү болжол менен 2000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Жолду тазалоого 1 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 6 кызматкер тартылып, саат 17:25те унаа жол ачылды.

17-март күнү саат 18:00 чамасында Ала-Бука—Жаңы-Базар—Киров унаа жолунун 90-чакырым аралыгында (Кең-Булуң тилкеси) көлөмү болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Жолду кар көчкүдөн тазалоого 1 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 6 кызматкер тартылып, саат 19:45те унаа жол толук тазаланып ачылган.

Ушул эле күнү саат 19:50 чамасында Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 88-чакырым аралыгында (Кең-Булуң тилкеси) көлөмү болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Унаа жол тазаланып, саат 21:05те ачылган.

Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×