Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 21.03.2019 16:32

Чаткалда кар көчкү түшкөн унаа жолдон өтө албай калган адамдар куткарылды (сүрөт, видео)

Turmush -  Красная Горка—Ак-Таш унаа жолун кеңейтүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда №27 жол тейлөө ишканасына таандык бульдозерди кар көчкү басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Сулайманов билдирди.

Анын маалыматына караганда, көчкү алдында калган 36 тонналык техниканы ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнүн кызматтык «Нива» унаасы менен 3 аскер кызматкери жана 8 өрт өчүрүүчү-куткаруучулар, №27 жол тейлөө ишканасынын 10 кызматкери тазалап чыгарышкан. Кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу жолдон өтө албай калган Ак-Таш айылынын 20дай тургунуна куткаруучулар жардам берип, алар кар көчкүнүн үстүнөн өткөрүлдү.

Эртеси, 20-март күнү саат 15:00 чамаларында аталган жолго 9500 метр куб кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. Кар көчкү тынбай түшүп жаткандыгына байланыштуу Красная Горка—Ак-Таш унаа жолун убактылуу тазалоо иштери токтотулду.

Кар көчкүдөн эч ким жабыркаган жок.

20-март күнү саат 15:00дө Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 88-чакырым (Туура-Кайын тилкеси), 101-чакырым (Терс тилкеси) аралыктарында 7500 метр куб кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. Саат 19:20да жолдун бир тарабы кар көчкүдөн тазаланган. Эч ким жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×