Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 01.04.2019 18:01 На русском

Сүрөт: Балыктар менен сүйлөшкөн Тилек 60 миң долларга тоо бооруна бассейн куруп, кыялындагы чарба түптөдү

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун 26 жаштагы тургуну Тилек Андашев тоо бооруна балык чарбасын түптөгөн. Элеттик жаш ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Чаткалдагы жергиликтүү алтын заводдордун биринде иштейт. Балык чарбасын түптөөгө Ала-Буканын талааларында кой кайтарып жүрүп кызыгып калган. 2016-жылы үйүнөн 12 чакырымдай алыс аралыктагы тоо боорунан аккан Кара-Суу сайынын жээгине бассейндерди куруп, учурда ал жерде 60 миңден ашуун балык багып жатат. Ал балык багууга жаш кезинен эле кызыгаарын айтты.

«9-класстан тарта мал базардан мал сатып алып, аны кийинки базарга чейин багып, кайра сатып киреше тапчумун. Чаткалда базар чакан эле болгондуктан малды «УАЗ» унаасына жүктөп алып, Ала-Буканын мал базарына алып барчубуз. Эки райондун аралыгы 5 саат болгондуктан, кээде түндөп жолго чыкчубуз. 2010-жылы 9-класста окуп жүргөн кезимде жолдо унаабыз бузулуп калды. Койлор ачка калгандыктан, унаа оңдолгончо аларды Ала-Буканын талааларында кайтарып турайын дедим. Анан бирөөнүн балык чарбасын көрүп калып, ошондон таасир алып, Чаткалда дагы балык багууну ойлонуп койгом. Кийинчерээк Бишкектеги И.Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетинде 5 жыл окуп, Чүйдөгү бардык балык чарбаларын кыдырып, балык багуунун сырларын үйрөндүм», - деди Тилек.

Ал кийин максатына жетүү үчүн чет өлкөгө иштегени барам деп камынып, бирок ата-энесинин, бир туугандарынын колдоосу менен оюн ишке ашырып, Кыргызстандан кетпей калганын айтты.

«Жогорку окуу жайды бүтүп, ата-энеме өзүмдүн оюмду ишке ашыруу үчүн чет өлкөгө иштегени барып, каражат топтоо ниетимди айттым. Бирок каражат жагынан алар колдоо көрсөтүп, Кара-Суу сайынын боюнан жер тилкесин алдык. Ал жерге бассейн куруп, Бишкектен балыктын уруктарын алып келдик. Учурда ал жерде 5 бассейн бар. 100 миң даана балык багууга шарттар түзүлгөн. Чарбаны түптөөгө 60 миң долларга жакын акча каражат кетти. Балыктарым чоңоюп, сатыкка чыга баштады. Азыр балыктын бир гана форель деген түрүн багам. Негизи жаш балага кандай аяр мамиле жасасаң, балыкка дагы ошондой мамиле жасоого туура келет. Кээде алар менен сүйлөшөм. Билинбегени менен балыктар да ооруйт. Жыл сайын дарылап турам. Менин чарбам сайдын башында болгондуктан балыктар көп оорубайт. Башкысы бассейнди таза кармап, сууну алмаштырып туруу керек», - дейт Т.Андашев.

Ал балыктардын салмагы 150-200 грамм болгонго чейин иммунитети начар болорун айтты.

«Чарбаны жаңы түптөгөндө досторум, туугандарым "Ата-бабаң бакпаган балыкты сен багасыңбы, качан эле Чаткалда балык болчу эле? Бизде кыш оор, балыктарың өлүп калат" деп каршы болушту. Бирок кудайга шүгүр, балыктарым чоңоюп, сатыкка чыга баштады. Эң негизгиси балыкка бериле турчу жемди өз убагында жана чеги менен бериш керек экен. Эгерде аны ашыгы менен берип алсаң, балыктар өлүп калат. Андан тышкары суунун температурасы дагы балыктар үчүн абдан маанилүү. Бассейндеги суунун орточо температурасы +12...+13 градус болушу керек», - деди Т.Андашев.

Ал быйыл чарбасынын жанындагы тоо бооруна чакан эс алуу борборун ачып, ал жакка келген конокторго балыктын этинен тамак-аш сунуштоону пландап жатканын кошумчалады.

Тилек мырза 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×