Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 24.04.2019 10:03 На русском

Караколдо түндөп ойногон 3 секелекти милиция кызматкерлери шаарды түрө кыдырып издешти

Turmush -  Каракол шаарында дайынсыз жоголгон 9 жаштагы 3 кыз табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ысык-Көл ОИИБдин, Каракол ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын, милициянын аймактык өкүлдөрү, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жана милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өздүк курамы аталган кыздарды издөө үчүн чыккан.

«Издөө иш-чарасынын координациялоо иштери милициянын облустук аппаратында жүргүзүлүп, башкармалыктын башчысы Улан Асанбаевдин жалпы көзөмөлүндө турду», - деп айтылат маалыматта.

23-апрелде болжол менен саат 21:00 чамасында 3 секелектин ата-энелеринин бири кыздардын дайынсыз жоголгону боюнча милиция кызматкерлерине телефон аркылуу кайрылган.

«Кабар түшөр замат нөөмөт бөлүмчөсүнүн кызматкелери издөөгө тартылган өздүк курамга рация аркылуу 2010-жылы төрөлгөн 3 кыздын белгилерин таркатышты. Дайынсыз жоголгон кыздардын ата-энелеринин айтымында, алар 23-апрель күнү болжол менен саат 11:00 чамасында окууга кетип, кайра үйүнө барышкан эмес. Сарсанаа болгон ата-энелер балдарын табуу максатында өздөрү аракет кылып көрүшкөн. Бирок аракеттеринен жыйынтык чыкпай, түн киргенде милицияга кайрылышкан.

Кыздарды табуу үчүн милиция кызматкерлери токой массивин, короо аймактарын, курулуш тилкелерин текшерүүгө алышып, жергиликтүү элге кайрылышты. Дайынсыз жоголгон кыздардын белгилери чектеш райондун милиция кызматкерлерине да берилген. Ысык-Көл ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын милиционерлери Турдубек Өмүрканов жана Азамат Абылмажинов өздөрүнүн маршруту боюнча кызмат өтөп жатышып, рация аркылуу дайынсыз жоголгон балдардын белгилерин алышканда Каракол шаарынын жогору жагындагы «Жеӊиш» багын кароону чечишкен. Кароо жүргүзүү учурунда «Жеӊиш» багынын аянтчасында ойноп жаткан үч кызды көрүшүп, алар менен маектешип, милиция бөлүмүнө алып келишкен», - деп билдиришти милициядан.

Дайынсыз жоголгон кыздардын табылгандыгы жөнүндө маалыматты угушкан ата-энелер дароо бөлүмгө келишип, кыздары аман-эсен табылганына байланыштуу милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×