Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуКара-Суу району 24.04.2019 19:26 На русском

Чак түштө зордукталган келиндин арбагы, 19 жаштагы «мыкаачы»: Тергөөчүнүн үрөй учурган окуялары (сүрөт)

Маматай Кукаев уулу менен
Маматай Кукаев уулу менен

Turmush -  Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылынын 55 жаштагы тургуну — милициянын подполковниги Маматай Кукаев 20 жыл укук коргоо органдарында иштеген. Учурда милициянын ардагери. Ал жумуш учурунда башынан өткөргөн кызыктуу жана адамдын үрөйүн учурган кейиштүү окуяларды аймактык кабарчыга айтып берди.

Маматай мырза эмгек жолун 1996-жылы Өзгөн районунда аймактык тескөөчү болуп баштаган. Андан кийин Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгында ыкчам иликтөө бөлүмүндө иштеген. 2002-жылы Жазы айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, 2005-жылы ошол эле жерде тергөө бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 2008-2016-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мал уруулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, 2016-жылы өз каалоосу менен пенсияга чыккан.

Тилегин таш капса да максатына жеткен

Мыйзам дегенде эл укук коргоочуларды элестетишет. Ошондуктан айрым мыйзам бузган кызматкерлердин айынан эл арасында милицияга терс пикирлер жаралбай койбойт. Мен бала кезимде аскер кызматкери болсом деп кыялданчумун. Ал тилегимди таш каап, атамдын сунушу менен 1981-жылы Бишкектеги педагогикалык окуу жайдын орус тили жана адабияты факультетине баргам.

Мугалимдик кесипти 7 жыл аркалап жүрдүм. СССР таркагандан кийин мугалимдин айлыгына жашоо мүмкүн болбой калды. Айлыктын ордуна керексиз буюм-тайым алып калганбыз. Жада калса маянанын ордуна бут кийим алган учурлар болгон. Андан тышкары талаада тамеки, буудай эгип, дыйканчылык кылчубуз. Үй-бүлөнү багуу кыйын болду. Мен башка жумуш таап, башка кесипти аркалайын деп чечтим. Ошондо бала кездеги орундалбай калган кыялдар кайра жандана баштады десем болот.

Бишкектеги Ж.Шабиров атындагы ИИМдин республикалык окуу борборунда 1 жыл билим алып, аны 1995-жылы аяктаган соң мен үчүн чыныгы жашоо башталды десем болот. Буга чейин турмуштун бир тарабын көрсөм, милиция кызматына ишке орношкондон кийин экинчи тарабын көрө баштадым. Адамды мыкаачылыкка, анткордукка эмнелер жетелеп турарын түшүнүп, бара-бара психолог болуп калат экенсиң. Адам өлтүрүү ар кимдин колунан келбейт. Ал үчүн адам «маньяк» болуш керек же аны ошол даражага жеткирүү керек. Жаш жигиттердин жок нерсенин айынан кылмышка барып, келечегине балта чаап алганы өкүндүрөт.

Кылмыштын бетин жашыруу үчүн болуп көрбөгөндөй аракет жасаган Абду

2003-жылы Өзгөн районунун Жазы айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы болуп турганымда айылда уккан кишинин үшүн алган кылмыш катталган. Абду деген жигит айылдашы менен арак ичип отуруп, шеригин «бирөөнүн атын уурдап кел» деп мажбурлайт. Шериги ат уурдап келгенден кийин экөөнүн ортосунда чыр чыгып, Абду аны лом менен сайып өлтүргөн. Абду кылмыштын изин жашыруу максатында өлүктү уурдалган атка артып барып, кашкулактын ийинине көмүп салат. Өлгөн баланын үйүнүн алдына «Ата, мен Россияга кеттим. Акча таап келем» деп маркумдун атынан кат жазып, таштап коёт. Ишеничтүү болуш үчүн өлгөн баланын бут кийими менен атайын издерди калтырып кетет. Кылмыштын бетин жашыруу үчүн болуп көрбөгөндөй аракет жасаган. Эртеси өлгөн баланын ата-энеси кайрылды. Көргөн-билгендердин баарын суракка алганбыз. Маркумдун акыркы жолу Абду менен сүйлөшкөнүн анын (маркумдун) атасы айткан. Абдуну суракка алганда ал эч нерсе билбей турганын айтты. Бирок мен Абдудан эле шек санап жаттым. Далилим жок болсо дагы, жүрөгүм сезген. Абдунун аялын суракка алганда ал баарын айтып берди. Бирок аны сүйлөтүү оңой болгон жок.

Көрсө Абду буга чейин да майда кылмыштарды жасап, аялын тажатып бүткөн экен. Аялынын айтымында, жолдошу үйүнүн коридорунда кирпичтер менен дубал куруп, жашына турган атайын жай даярдап коюптур. Тосулган дубалдын артында 1-2 адам баткыдай жер болгон. Биз ыкчам иликтөө тобу менен анын үйүнө барганда аялы айткан кирпичтен тургузулган дубалга туш болдук. Анын астына стол коюп, үстүнө эски сыналгыны коюп коюптур. Анын артында чакан бөлмө бар деп эч ким ойлобойт. Абду куралчан болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган. «Чык, Абду!» десек үн чыккан жок. Столду, сыналгыны алыш керек болду. Кол алдымда иштегендерге буйрук берсем деле алар аталган буюмдарды алышмак, бирок аларга буйрук бере албадым. Анткени кылмышты мен иликтегендиктен, жоопкерчиликти башкага жүктөп, балдардын бейкапар, тынч жашоосун капыстан тозокко айландыргым келген жок.

Сыналгыны алып, андан соң столду алып жатканда азыр атып жиберчүдөй сезилди. Эки бутум, колдорум калчылдап, денемди муздак тер басты. Артымды карабай, «атса, азыр атат» деп басып кете бердим. Бирок бир жан бар экени билинген жок. «Чык, чыкпасаң көздөн жаш агызуучу баллон таштайм» дегенде гана «Мен эмне кылдым? Эмне үчүн менин үйүмө кирип келдиңер?» деген үн чыкты. Сыртта айылдын тургундары: «Эл алдында жооп берсин, аны өзүбүз жазалайбыз», - деп балта, союлдар менен күтүп турушкан.

Абдуну жашынган жеринен араң чыгарып, милиция бөлүмүнө алып бардык. Ошол жерден күнөөсүн мойнуна алды. Ошол эле күнү айыл тургундары кашкулак издеп жүрүшүп, өлгөн баланын денесин таап алышыптыр. Ошентип оор кылмыштын бетин 24 сааттын ичинде ачканбыз.

Келинди өлтүрүп, ажатканага көмүп салган кылмышкерди аялдын арбагы аракечке айланткан

Мен ал учурда Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылдык бөлүмчөсүндө ыкчам иликтөө тобунда иштечүмүн. Мырза-Аке айылынын Кандава участкасында дайынсыз жоголуп кеткен аял тууралуу арыз түштү. Аталган аялдын дайыны бир жыл билинген жок. Ага чейин окуяга шектүү катары саналып жүргөн баланын да дайыны билинбей калды. 1 жыл өткөндөн кийин шектүү Кара-Кулжа районунун бир айылында «ичип жүрөт» деген малымат келип түштү. Нимат Исаков деген милициянын кызматкери менен Кара-Кулжанын Киров деген айылына бардык. Айтылган үйгө барсак ичинен кулпуланган, бир жан жоктой. Тыкылдатсак эч ким ачпайт, чакырсак чыкпайт. Аягында эшиктин кулпусун бузуп киргенге туура келди. Кирсек дагы бир бөлмөнүн эшиги ичинен кулпуланыптыр. Ал эшикти да ачтык. Бөлмөлөр караңгылатылган, эч нерсе көрүнбөйт. Шектүү жыйылып турган жүктүн жанына бекинип, үстүнө жаздыктарды коюп алыптыр. Ошол жерден колун байлап, алып кеткенбиз. Жолдо баратып шектүү «мен ал аялды өлтүргөн жокмун» деп калды. Биз өлгөн келин жөнүндө сөз баштай элек болчубуз. Эмне үчүн кармаганыбызды да сураган жок.

Көрсө ал аялды ээн талаада, чак түштө зордуктап, анан колу менен муунтуп өлтүргөн экен. Кечке чейин жансыз денени алып жатып, түндө талаадагы ажатканага алып барган. Ажаткананын тактайларын алып, аялдын денесин ичине салып, үстүн топурак менен көмүп, тактайларды кайра мурункудай кылып койгон.

Келиндин денеси ошол жерде бир жыл жаткан. Мойнуна алгандан кийин кайсы жерге көмгөнүн көрсөтүп берди. Өзү кокустан өлтүрүп алганын, милицияга келип айткысы келгенин, бирок коркконун айтты. Шектүүнүн айтымында, өлтүргөн аялдын арбагы түндө аны муунтат. «Уктайын деп көзүмдү жумганда ошол мен өлтүргөн келин келип, мен аны кантип муунтуп өлтүрсөм, ал да мени ошентип муунтат. Акыры аракты тойгончо ичип, асынып өлөйүн десем жип үзүлүп кетти. Жанымды дагы албай жатат деп корктум. Ошондон кийин аракка берилип кеттим», - деген шектүү.

Биз бир жыл мурун көргөн бала ошондо чачтарын ак басып, картайып кетиптир.

Үрөй учурган 19 жаштагы баланын окуясы

2005-жылы Өзгөн районунун тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезимде Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чангет айылында адам үрөйүн учурган 19 жаштагы өспүрүмдүн катышуусундагы кылмыш катталган. Бизге башына бир нече жолу оор нерсе менен токмоктолуп каза болгон жаран жөнүндө маалымат келип түштү. Ыкчам иликтөө тобу менен окуя болгон жерге барганда, каза болгон адамдын башына белгисиз катуу буюм тийип өлгөндүгү маалым болду. Таш дейин десең таш эмес, союл десек же союл эмес. Каза болгон адамды бетинен таанып болбойт. Башы жарылып, шишип кетиптир. Көчөдө эс-учун жоготуп жаткан жеринен айыл тургундары үйүнө алып барган экен. Ар кандай божомолдор айтылып жатты. Андан соң анын буга чейин барган жерлерин изилдей баштадык. Акыркы жолу бир жерден арак ичип, андан кийин изи жоголгон. Окуя болгон жерден шахтерлордун кол чырагынын сыныгын таап алып, чөнтөгүмө салып койгом. Кол чырактын калган бөлүктөрүн издей баштадык.

Чангет айылында көмүр кени бар. Ошондуктан ар бир үйдө кол чырак болот. 70тен ашуун адамдын кол чырагын карап чыктык. «Качан, кайсы жерде пайдаландың? Кимге бердиң?» деп сураштырып жүрсөк, бирөө кол чырагын бир балага бергенин айтып калды. Ал бала кол чырактын бир бөлүгүн сындырып алып, кайра ошол бөлүктүн жаңысын салып койгонун айткан экен. Андан кийин ошол баланы таап, кармап келдик.

Кылмышка шектүү Тажикстандан көчүп келген 19 жаштагы кыргыз бала экен. Анын айтымында, ал өлтүргөн киши буга чейин аны кемсинтип, «атаң жок, сен жетимсин, апаң менен темселеп келгенсиң» деп намысына тийчү сөздөрдү айтып жүргөн. Бала өлгөн киши буудай, арпаларын тартып алып, көргөн жеринен уруп жүргөнүн айтты.

Окуя болгон күнү кечинде 19 жаштагы бала кол чыракты ээсине берейин деп бара жатканда каза болгон адам мас абалда алдынан чыккан. Адатынча кемсинтип, экөө айтыша кеткенде 19 жаштагы бала кол чырак менен ал адамды башка бир чапканда эле жерге жыгылган. Кайра тургуча бир нече жолу чапкылып, башын жарып салган. Бала эч нерсе болбогондой кайра үйүнө барып, кол чыракты жууп-тазалап, сынган жерин алмаштырып, ээсине ошол эле түнү кайтарып берген. 19 жашта болсо да ал бала жашоодо көп кыйынчылыктарды көргөнү билинип турду. Ошондуктан жаш баланын психологиясын буза турган сөздөрдү эч качан айтпаш керек. Ал ошол жаман нерселер менен чоңоюп, акыры ушундай мыкаачылыкка барышы мүмкүн.

Баламдын милиция кызматкери болушун каалабайм

Балам кичинекей кезинде «атама окшош спецназ болом» дечү эле. Бирок баламдын мен баскан жолду басышын, анын милиция кызматкери болушун каалабайм. Милиция кызматындагы кыйынчылыктарды көрбөсүн. Оюмда аба кыймылын тейлөө боюнча диспетчер болсо деп ойлойм. Балким мектепти бүткөндөн кийин ою өзгөрүп, башка кесипти тандаар. Аны өзү чечсин. Мен балдарыма сунушумду, оюмду гана айта алам, чечимди өздөрү чыгарышат.

Мен милиция кызматында иштеп, үйгө келбей калганда жубайым 2-3 күн издечү эмес. Төртүнчү күнү гана кесиптештеримден сураштырып, дайынымды билип алчу. Ал убакта чөнтөк телефон деген жок.

Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн

Талаада, көчөлөрдө апталап, кээде андан да көп жүрүп калган учурлар болот. Биз деле ысык тамак ичип, жылуу үйдө жаткыбыз келчү, бирок милдет дегенде жатып алганга чыдабайт экенсиң. Мен иштеген учурда кызматтык унаа деген болгон эмес, таксилерге карызга бензин куйдуруп алып, окуя болгон жерге айдатып барчубуз.Таап бер, кылып бер деген түшүнүк жок болчу. Азыр ойлосом мамлекетке чын дилден кызмат кылган экенбиз. Үй-бүлөсүн экинчи орунга коюп, мамлекет үчүн таза иштеген милиция кызматкерлери көп. Милициянын кызматкери болгонума эч качан өкүнбөйм. Мен «татыктуу кызмат кылдым» деп айта алам. Кээде катачылыктар болгон. Ал жумушта боло турган нерсе. Эгерде кайрадан кесип тандоо мүмкүнчүлүгү болгондо, баары бир милиция кесибин тандамакмын, бирок башкача иштемекмин.

2016-жылы өз каалоом менен арыз жазып, жумуштан кеттим. Атам ар дайым: «Уулум, чынчыл бол, бирөөнүн акысын жебе, элиңе ак кызмат кыл», - деп айтып турчу. Анын «Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн» деген сөзү бар эле. Атама ыраазымын. Ошондой кишинин тарбиясын алганым үчүн адашкан жокмун, эл алдында жүзүм жарык болду.

Атам көптөгөн кызматтарды аркалаган. 1939-жылы экинчи дүйнөлүк согушка катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×