Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 13.05.2019 20:11

Чаткалда 2500 адам акысыз медициналык текшерүүдөн өттү

Turmush -  Чаткал районунда 2500 адам акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу райондун акими Канжарбек Эшалиев билдирди.

Анын айтымында, аймакка атайын дарыгерлер чакырылган.

«Райондун элинин саламаттыгын текшерүү максатында 17 дарыгерди чакырдык. Алар тургундарды акысыз медициналык кароодон өткөрүштү. Жалпы район боюнча 2500 адам акысыз текшерүүдөн өттү», - деди ал.

Чаткалда 4 айыл өкмөт бар. Анда 25 миңден ашуун эл жашайт. Район тоолуу, шарты катаал аймактарга кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×