Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Нарын облусуЖумгал району 22.05.2019 14:34

Окуучунун өлүмү менен аяктаган волейбол: Жумгалда ынтымакты күчөтүү үчүн футбол уюштурулду

Turmush -  Жумгал РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрү өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, ынтымакты күчөтүү жана ден соолукту чыңдоо максатында 3 айылдын окуучулары арасында кичи футбол боюнча турнир уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага райондун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан, Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек жана Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акиев орто мектептеринин окуучулары катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Көк-Ой айылындагы орто мектептин окуучулары алса, 2-орунду Беш-Терек, ал эми 3-орунду Кызыл-Жылдыз айылдарындагы орто мектептин окуучулары ээлеп, баалуу белектер жана ардак баракчалар менен сыйланышты.

2018-жылдын 19-декабрында Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы «Ынтымак» спорт ордосунда волейбол боюнча мелдеш өтүп, эки айылдын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Анын кесепетинен Беш-Терек айылындагы мектептин 8-классынын окуучусу каза тапкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×