Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 22.05.2019 23:41

Ой-пикир: Жаштардан жаштарга насаат

Бекжан Шыгаев
Бекжан Шыгаев
// Turmush

Turmush -  Коомго пайдасы тийген адамдар мөмө бак сыяктуу. Дайыма ага таш ыргытылып, шактарын сындырышат. Ал эми коомго пайдасы тийбеген адам ээн талаада өскөн тал сыяктуу. Качандыр бир күнү аны эчки жеп кууратат.

Биз, жаштар мөмө даракка айланууга аракет кылалы. Эгер, мөмө бере баштасаң сөзсүз адамдар чыгып, ийип сындырышкан сыяктуу эпкиндери тийип турат. Эгерде, эч ким сен тууралуу сөз кылышпаса, демек сен караңгы көлөкөдө калып кеттиң дегендик. Демек, бери чык! Коомдук иштерге аралашуу менен өзүңдү көндүр. Колуңдан эч нерсе келбесе да «жаштар үчүн» деп, алдыга аракет кылып жаткандарды ээрчи!

Сен эч качан терек бакка айланба. Терек дайыма тик өсүп, канчалык бийиктеген сайын адамдар ага жолошпойт деле. Көп буталгандыктан көлөкөсү да анча чоң эмес. Көптөгөн машыктыруучулар семинарларда терек бакты текеберликке теңешет. Текеберчилик адамдарды качырып, кадыр-баркты кетирет.

Эч качан «мен бир ишти баштасам коомго жаман көрүнүп калбаймынбы?» деп чочуба. Коомчулук мурун эч нерсе жасабай жүрүп иш баштасаң «баланча минтип атыптыр» деп кеп кылышат. Эгер дагы алдыга жылсаң «мунуку пиар эле... Эптеп бир нерсеге илинип калайын деген го, кургур» дешет. Анан дагы деле токтобой иш алып бара берсең адамдар акырындап ишене башташат. Балким арасында ишене албай же көрө албай сырттан карап тургандар болушу мүмкүн. Бул процесс он жылдап созулат. Адамдар сени сындаган сайын өсөсүң. Сен эч качан аларга таарынба. Тескерисинче, алар сени сындап отуруп ийгиликке жеткирет. Тартынба! Бак тик, көчө шыпыр. Жок дегенде жаштар иш кылып жатышса барып сөзүң менен аларга ыраазычылык айтып колдогонду үйрөн. Бул да салым.

Ынтымак пайдубал сыяктуу. Эгер үйдүн пайдубалы жакшы түптөлсө үйдүн жер титирөөгө болгон туруштугу жакшы болот. Кокустан пайдубалы ойдогудай болбой калса үйдүн кирпичтери алтындан болсо да урап кылышы мүмкүн. Ошол сыяктуу мансаптан, байлыктан мурда ынтымакка маани берели.

Адамдар мансапка, дүнүйөгө тезирээк жетүүнү самашат. Бирок ал ынтымак менен келерин көбүнесе баамдай беришпейт. Коом чоң агын суу сыяктуу. Аны багыттап, арык чаап бедени, буудайды сугарсаң болот. Жок, жайына койдуңбу чоң суу жердин баарын аңга айлантып, өзү ого бетер ылай сууга айланып жок болот. Ошол үчүн дайыма коомчулукту туура багытка үндөп, ынтымакка чакырып туруу керек. Коом руханий жактан азык алса, ынтымакка келсе андай коомдун шайлоодо да добушун сатып ала албайсың. Алар дайыма татыктуусун тандашат. Өзүнөн чыккан уулдарын колдошот. Андай коомго береке жаайт. Тескерисинче ынтымак ыдыраса өзүнүн уулдары турса өзгөнүн баласын артык көрүп, караңгычылык каптайт. Андай коомду арактан, ыймансыздыктан чыгара албай кыйналасың.

Биз жаштар, дайыма артыбызда өсүп келе жаткан муунга жоопкерчиликтүү экенибизди эстен чыгарбайлы. Алар биздин кемчилигибизди, ынтымаксыздыгыбызды, арак ичкенибизди, тамеки тартканыбызды көрбөсүн. Биз аларга китеп окууга, руханий жактан күчтүү болууга үндөйлү. Ал-бул дегенибиз менен отуздан ашып баратканыбыз бар, чыгалы дегендер бар. Жашоо балалуу болгондон кийин тездейт экен. Бир кылчайып карасаң балдарың мектептин босогосун аттаганын көрүп таң каласың... Районубуздун ар бир баласы кеминде беш жыл активдүү кичи мекенине кызмат өтөп берсе районубуз Сингапурдан ашып кетет. Биз келечекте кандай жакшы кыялдарды кааласак ошонун баары ынтымактан башталарын эстен чыгарбайлы.

Мен дайым биздин жаштар алдыга жылса экен деп тилейм. Бишкекте батирде туруп, айлыктан айлыкка жашап жатсам да үйгө келип бөлмөнүн шыптарына тигилип, «районубузду кантип өнүктүрөбүз?» деп ойлоном, кыялданам. Мен сыяктуу ойлонгон агаларды, курдаштарымды, инилерибизди эстегенде кадимкидей үмүт жанданат. Ойгоном... Алар менен дайыма жолуккан сайын жакшы ой-пикирлер менен тарайбыз. Мектепти окуп бүтүп кеткенче районубуздун айылдарына барып көрбөсөм да, бүгүнкү күнү ар бир айылдан мыкты бычакка сап жигиттер менен тааныштым. Мен алар менен өмүр бою бир пикирде, бир максатта калгым келет. Себеби бир адам жалгыз эч нерсени жасай албайт.

Кудай таалам жаштарыбыздын ынтымагын бекемдесин. Келечек муунубузга ыйман, билим, аракет жана күжүрмөндүүлүк берсин. «Иш кылган адам жаңылат» дейт, өлкөбүз үчүн жан үрөп жаткан жаштарга кайраттуулук, сабыр берсин. Айрыкча районубуздан карындаштарыбыз өтө мыкты деңгээлде чыгып келе жатышат. Көз тийбесин. Бирок алар менен сыймыктанып, оозду ачып отура бербейли. Эртең Баткенге, Таласка келин болуп кетишсе айылда биз эле калабыз. Демек, эркектер эсибизди жыялы.

Ийгилик эч качан өзү ийилип келбейт. Ага дайыма аракет кылуу менен, эски түйшүктөрдү сүрүп чыгаруу менен келет. Ийилип катып калган бутактарды түздөп убара болбойлу. Биз өсүп келе жаткан чырпыктарга көңүл бөлөлү. Жаш чырпыкты түз өстүрүүгө 97% кепилдик бар. 3% түзөлбөгөнү дээринен...

Баса, бирөө мени менен маек куруп жатып айтып калды. Ага белгилүү эле бирөө «биз Ак-Талаанын жаштары жасаганды илгери эле жасап койгонбуз» дептир, мен ичимден аябай сүйүндүм. Демек биз ойгондук. Соболосу көтөрүлгөн инсандар кеп кыла башташса жылып жатабыз дегендик. Биз бирөө мактаса экен деп ойлонбой, келечек муун тикенектүү жол менен баспаш үчүн жол салалы.

Менин кемчиликтеримди же башка үлгү көргөзө албай жаткан агаларыбызды көрүп, «улуулар ушундай болсо биз кайда бармак элек» дебегиле. Силер балким бизге үлгү көргөзүп коюшуңар мүмкүн. Ошенткиле, биз намыстанып, дагы да алдыга жыларбыз, эсибизге келербиз.

Пайгамбарыбыздын эки небересинин тушунда (Хасан менен Кусейин) бир аксакал туура эмес даарат алып жатат дейт. Анан экөө кантип үйрөтөрүн билишпей, аксакалга минтип кайрылышкан экен: «Атаке, экөөбүз даарат алалы. Кимибиздин дааратыбыз туура алынып жатат, сиз айтыңызчы» дешип, экөө биринен бири өтүп мыкты даарат алышканда аксакал: «Балдарым, мен туура эмес даарат алып жүргөн экенмин» деп уялып калган экен. Анын сыңары улууларга урмат менен, кичүүлөргө ызат менен иш кыла берели.

Активист Бекжан Шыгаев, Ак-Талаа району

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×