Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 14.06.2019 14:57

Чаткал, Ала-Бука райондорунда сууга түшүүдө коопсуздукту сактоо боюнча эскертүүлөр берилип жатат

Turmush -  Чаткал районунда Чаткал дарыясын бойлой бир катар эскертүү тактайчалары илинип, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милициянын маалыматына караганда, бул аракеттер жай мезгилинин аптаптуу күндөрүндө сууга түшкөндөрдү кооптуулуктан сактоо максатында жасалууда. Себеби күн ысыган убакытта райондун көпчүлүк жашоочулары ушул дарыяга барып сууга түшүшөт. Дарыядагы суунун көптүгү, катуу агымы кооптуулук жаратат.

Ушундай эле түшүндүрдүү иш-чаралары Ала-Бука РИИБи тарабынан да жүргүзүлдү. Сууга чөгүүлөрдү болтурбоо максатында район аймагындагы 8 айыл өкмөттөгү 45 мектепке, 29 бала бакчага, 36 ФАПка сунуштар берилип, жооптору алынды. Эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, берилген сунуштар боюнча иштин жүрүшү текшерилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×