Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 24.06.2019 08:00

Нарындык ага-ини жердешин мууздап салышкан. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Бишкек шаардык соту Руслан (аты өзгөртүлдү Р.К.) менен Баатырбектин (аты өзгөртүлдү Б.К.) кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун 2019-жылдын 23-майында чыккан токтомунда айтылат.

Руслан 1978-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү. Камакка алынганга чейин куруучу болуп иштеп, Бишкек шаарында убактылуу жашап жаткан. Мурда соттолгон эмес, 2018-жылдын 12-июлунан бери камакта.

Баатырбек 1979-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү. Камакка алынганга чейин куруучу болуп иштеп, Бишкек шаарында убактылуу жашап жаткан. Мурда соттолгон эмес, 2018-жылдын 12-июлунан бери камакта.

Руслан менен Баатырбек Т.Б., У.А. жана куруучулар тобунун башчысы К.Б. менен бирге Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринде курулуш иштерин жүргүзүп, аталган үйдө убактылуу жашап келишкен. 2018-жылдын 11-июлунда У.А. менен куруучулар тобунун башчысы К.Б. Нарын шаарына кетишет. 12-июлда түнкү саат 02:00 чамасында мас абалындагы Руслан менен Баатырбек «агаң (куруучулар тобунун башчысы К.Б.) өз убагында эмгек акыны бербейт» деп Назардын (аты өзгөртүлдү, Т.Б.) башына катуу буюм менен урушат. Назар эс-учун жоготуп жыгылганда, аны жуунучу бөлмөгө алып киришет. Андан соң соттолуучулардын бири Назардын колун кармап, экинчиси ашкана бычагы менен кекиртегин кесет. Кекиртектен чыккан канды дагарага агызышат. Жабырлануучу окуя болгон жерден жан берет. Руслан менен Баатырбек бул кылмышты мойнуна албоо үчүн бычактагы жана жуунучу бөлмөдөгү кандын издерин тазалашат. Андан кийин алдын ала сүйлөшүп, таңкы саат 05:49 чамасында «102» кызматына телефон чалышат.

Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту тарабынан Руслан менен Баатырбек Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 15-пункту (адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркиндигинен ажыратылган жана үй мүлктөрү конфискацияланган. Жазалары күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген. Камактагы күндөрү Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде жазасын өтөгөн болуп, ар бир күнү эки күнгө барабар эсептелинген. Ошондой эле Руслан менен Баатырбектен доогер Т.Б.нын пайдасына материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 271 миң сом, моралдык зыяндын ордун толуктоо үчүн 100 миң сом өндүрүү каралган.

Маркум Назар (аты өзгөртүлдү, Т.Б.)

68

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун 2018-жылдын 17-октябрында чыккан бул өкүмүнө соттолуучулардын жактоочусу макул болбой, апелляциялык даттануу келтирген. Анда ал тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюуну суранган.

Маркум Назардын мыйзамдуу өкүлү Т.Б.да аталган өкүм менен макул болбой, апелляциялык даттануу келтирген. Анда ал Руслан менен Баатырбекти өмүр бою эркиндигинен ажыратып, моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 1 млн сом өндүрүп берүүнү суранган.

Соттук отурумда соттолуучу Руслан күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок. Анын айтымында, окуя болгон үйдө иниси Баатырбек менен курулуш иштерин жүргүзүп, 3 ай жашашкан. Ал эми маркум Назар менен мектепте чогуу окушкан. Анын агасы К.Б. (куруучулар тобунун башчысы) менен курулуш иштерин баштарда таанышкан.

2018-жылдын 11-июлунда У.А. менен куруучулар тобунун башчысы К.Б. Нарын шаарына кетишкен. Кечки саат 18:00дөн кийин дүкөндөн бир бөтөлкө спирт ичимдигин, суу жана жумушка кийүү үчүн футболка сатып алган. Сырттан бир аз арак ичип, үйгө саат 21:00 чамасында келген. Бул маалда Баатырбек менен Назар сүйлөшүп отурушкан. Руслан бөтөлкөдө калган аракты ичип, сыртка чыгып, чылым чеккен. Кайра үйгө кирип, бөлмөлөрдүн бирине жатып алган. Жуунучу бөлмөнүн жарыгы күйгөн учурда ойгонуп кеткен. Жаткан бөлмөсүнөн чыкса, Назар жуунучу бөлмөдөн чыгып келе жаткан. Ал Русланды көрүп, башы ооруп жаткандыгын айтып, өзүнүн бөлмөсүнө кирип кеткен. Соттолуучу анын артынан барганда Назар башы менен дубалды сүзгүлөп жаткан. Ага дары берип, кайра өзүнүн бөлмөсүнө кирип жатып алган. Таңкы саат 05:00 чамасында иниси Баатырбек Назар жуунучу бөлмөнүн эшигин бекитип алгандыгын айткан. Руслан жуунучу жайдын тешигинен Назардын жерде жаткандыгын көрүп, сыртка чыгып, аталган бөлмөгө терезе аркылуу кирген. Назардын колу, башы кан болуп жаткандыгын көрүп, ичинен илинген жуунучу бөлмөнүн эшигин ачып, сыртка чуркап чыккан. Андан соң милиция кызматкерлерине жана тез жардам кызматына кабарлаган. Руслан Назар менен агасынын (куруучулар тобунун башчысы К.Б.) ортосунда чыр-чатак бар экенин, аны агасы өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин кошумчалады.

Ал эми Баатырбек дагы күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок. Анын айтымында, 11-июль күнү саат 16:00 чамасында дүкөндөн 250 граммдык бөтөлкөдөгү аракты алып келип ичкен. Агасы Руслан өзү жалгыз спирт ичимдигин ичкен. Андан кийин Баатырбек Назар менен саат 22:30 чамасына чейин сыналгы көргөн. Саат 24:00 чамасында агасы жатып алган. Ал эми Назар уктабай ары-бери басып, саат 02:30 чамасында дубалды сүзгүлөп баштаганда аны алдап-соолап жаткырган. Андан кийин өзү саат 03:20да жаткан. Саат 05:30да ойгонуп, жуунучу бөлмөгө барса эшиги бек болгон. Тешиктен караса Назар жерде жаткан. Дароо Русланды ойготкон. Ал сыртка чыгып, жуунучу бөлмөгө терезе аркылуу кирип, эшигин ачкан. Баатырбек Назар жаткан жер кан болгонун, агасы экөө дароо сыртка чыгып, милиция кызматкелерине жана тез жардам кызматына телефон чалгандыгын кошумчалады. Ошондой эле Назарды алар өлтүрбөгөндүгүн, аны агасы өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин билдирди.

Маркумдун мыйзамдуу өкүлү Т.Б. инилери Назар жана К.Б. (үчөө бир туугандар) менен курулушта иштеп жүргөнүн, 2018-жылы 12-июлда иниси Назарды мууздап кетишкендиги тууралуу кабар келгендигин айтты. Ошондой эле Назар менен К.Б.нын ортосунда эч кандай чыр-чатак жок экендигин, мамилелери жакшы болгондугун билдирди. Ал эми К.Б. курулуш иштеринин бүтүшүнө жараша объектинин ээсинен акча алып, куруучуларга өз убагында аванс берип тургандыгын, “арак ичпейбиз” деп убада берген Баатырбек менен Руслан акча алган сайын ичип жүргөндүгүн айтты. 10-июлда экөө мушташып, объектинин ээси аларды жумуштан кетир дегенде маркум Назар ортого түшүп, Руслан монолитти куйгандан кийин кетмек болгонун билдирди. 11-июлда өзү Нарынга кеткендигин, үйдө Назар, Баатырбек жана Руслан калгандыгын, 12-июлда окуяны угуп, инисинин сөөгүн өлүкканадан алып кетишкендигин кошумчалады.

Жыйынтыгында Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун 2018-жылы 17-октябрда чыккан өкүмү өзгөртүлүп, Руслан менен Баатырбек 2017-жылдын 2-февралында редакцияланган Жазык кодексинин (жаңы мыйзам) 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (адам өлтүрүү) менен 13 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ал эми мүлктү конфискациялоо жазасы мүлктү конфискациялоо (алып коюу) түрүндөгү жазыктык-укуктук мажбурлоо чарасына алмаштырылды. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Жактоочунун жана маркумдун мыйзамдуу өкүлүнүн апелляциялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылды.

Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×