Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 12.07.2019 11:43

Чаткалда алтын байытуучулар өкмөттүн өкүлүнө арыз-муңун айтышты (сүрөт)

Turmush -  Чаткал районунда алтын өндүрүүчү «Кичи-Чаарат» ЖАКта иштеген кызматкерлер районго иш сапары менен барган өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге бут кийим, маяна маселесин көтөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тактап айтканда, облус башчысы баштаган бийлик өкүлдөрү жаңыдан ишке берилүү алдында турган мекеменин абалын жеринен көрүп чыгышты. Анда алтын байытуучу болуп иштеген 20дай кызматкер жыйналып, бийлик өкүлүнө маяна маселесин айтышты.

«Кен байытуучу фабрика ишке киргенде маянабызды көтөрүп беришмек, май айынан бери фабрика иштеп жатат, айлыгыбыз көтөрүлө элек. Биз нааразычылык билдирип чыкканда 500-1000 сом кошуп коюшат. Маянабызды канча суммага көтөрүп беришерин так айтышсын. Бут кийим маселесин дагы айтканбыз. Жумуш оор, өзүбүз алган бут кийимдер түтпөйт экен, кара жумушка чыдамдуу бут кийим алып беришсин», - дешти кызматкерлер.

Ошондой эле алар нормадан ашык иштей турганын айтышты. Облус башчысы тамак-аш жана жатаканадагы шарттарды сураганда, ал жагдайда маселе жоктугун, ага канааттанарын белгилешти. Ыйгарымдуу өкүл алардын талабын тийиштүү тараптарга жеткире турганын билдирди.

Ал эми аталган жабык акционердик коомдун кызматкери, кесиптик кошуундун төрайымы Рахия Оторбаеванын пикиринде, кызматкерлер үчүн кошумча төлөмдөр берилип жатат.

Чынында маяна өлчөмүн көбөйтүү убадасы берилген, бирок фабрика ишин толук колго ала элек. Азыр сыноодон өтүп жатат. Качан гана уруксат берилип, өз ишин баштаганда кошумча төлөмдөр каралат.

«Компаниянын жетекчилиги кызматкерлер үчүн жакшы шарттарды түзүп берип жатышат. КРнын Эмгек Кодексинде маянанын суммасы иш берүүчү тарабынан белгилене турганы, эң төмөнкү айлыктан кем болбошу керектиги жазылган. Биздин кызматкерлердин айлыгына эмгек стажы үчүн, зыяндуулук үчүн, жогорку зона экендиги эске алынып кошулат. Бардык кепилдиктер боюнча маянага кошулган. Кызматына жана жасаган жумушуна жараша төлөнүүдө. Жетекчилик да маянаны карап бере турганын айтышкан, канча кошуларын биз да билбейбиз. Бут кийим маселесин карап жатышат. Биздин кийимдердин баары Кытайдан келет», - деди ал.

Анда иштеген айрым кызматкерлер 12 саат иштешерин, жумуш нормасынан ашыкча экенин айтты. Компаниянын өкүлү Рахия Оторбаева бул пикирге кошулган жок. Бир күн иштеп, экинчи күнү эс алганын эске алганда, баары бир айлык нормага туура келерин баса белгиледи.

Ал эми эл менен жолугушууда да ушул компанияга карата нааразычылык пикир айтылды.

«Кичи-Чаарат» ЖАК райондогу Куру-Тегерек участкасында кен байлыкты иштетүү укугуна ээ болгон. Анда 32 тонна алтын бар экени аныкталган. 2014-жылдан бери курулуш иштери менен алек болуп келе жатат. Жакында фабриканын расмий ачылышы өтөт. Ага өкмөт башчынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×